www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хатлон облусунун бажы органдары мурда алынган миң даана ыйык куран китебин кайра Ооганстанга жөнөттү.

Китептер жыл башында Ооганстандан "Төмөнкү Паянж" көзөмөл-өткөрмө бекетинде ташылып баратканда коопсуздукту эске алуу менен алынган. Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети бүтүм чыгарганга чейин алар Бохтарда сакталмай болгон.

Бажы кызматынын Хатлон облустук башкармалыгынын жооптуу кызматкери Сухроб Зокиров Бохтардагы маалымат жыйынында китептер Тажикстанга Дин иштери боюнча комитет менен макулдашылбастан алынып келингенин, буга байланыштуу кайра Тажикстанга кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынганын айтты.

Китептер быйыл февралда жүк ташуучу унаа менен алынып келинген, ар бир Куран 2,5 килограмм салмакта. Ал арабчадан бир нече тилдерге которулган.

Хатлон облусунун бажы башкармалыгы 2021-жылы Тажикстанга жеткирилген 27 миң том Куран китеби кайра Ооганстанга кайтарылганын кабарлаган. Мекеме жыл башында кармалган китептер дал ошол кайра кайтарылган Куран болушу мүмкүн экенин божомолдогон.

Бир нече жыл мурун тажик бийлиги Тажикстанга тыюу салынган адабияттарды алып кирүүгө каршы кескин чара көрүү чечимин кабыл алган. 2017-жылы өлкөнүн Маданият министрлиги китептерди уруксатсыз алып чыгууга жана алып кирүүгө тыюу салынганын жарыялаган. Дин иштери боюнча комитет жана Тажикстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө тыюу салынган адабияттардын тизмесин жарыялаган. Комитеттин алдында атайын кеңеш түзүлгөн: ал диний китептерди алгач изилдеп чыгат, андан соң Тажикстанга бул басылманы алып кирүү же четке кагуу боюнча чечим чыгарат. Укук коргоо уюмдары бийликтин бул чечимин сынга алып келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости