www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Ички иштер министрлиги бир кишинин өмүрүн алган Курган-Төбө шаарындагы жарылуунун себептерин иликтейт. ИИМ маалыматы боюнча 67 жаштагы Хасанбой Рахмоновдун сөөгү 12-мартта Хатлон гарнизонунун аскер прокуратурасынын жанынан табылган.

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Рахмонов жарылуунун натыйжасында каза тапканы аныкталды. Маркум технологиялык лицейде кароолчу болуп иштеген. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин жергиликтүү ММКлар Курган-Төбө шаарынын жашоочусу аскер прокуратурасынын алдында өзүн жардырганын жазышкан. ИИМ бул маалымат чындыкка дал келбей турганын кабарлады.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости