www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-апрелдин таңында тажик коопсуздук күчтөрү Ооганстандан Тажикстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган эки куралчан согушкерди атып өлтүрүшкөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматы боюнча, каза болгондор Тажикстандын аймагында теракт жасоону пландашкан, деп билдирет Ховар укук коргоо органынын маалымат кызматынын билдирүүсүнө таянып.

Окуя Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Ванч районундагы Дашти Язгулом айылындагы «Дарваз» чек ара отрядынын 11-заказынын кайтаруу тилкесинде болгон.

«Республиканын укук коргоо органдарынын биргелешкен антитеррордук операциясынын натыйжасында террористтер зыянсыздандырылды», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Окуя болгон жерден эки Калашников автоматы, эки чет элдик тапанча, 8 кол гранатасы, 12 даана гильзалары бар магазин, 19 таңгак жардыргыч зат, эки атайын байланыш каражаты жана каза болгондорго тиешелүү эки уюлдук телефон табылып, алынган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, террористтерди жана башка шериктештерин толук аныктоо максатында ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Антитеррордук операциянын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жарандар жабыркаган жок, деп баса белгиледи Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости