www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кытайга май айында мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев бүгүн Сиань шаарында Кытайдын тышкы иштер министри Цинь Ган менен жолуккан. Анда Жапаровдун Пекинге жасалчу алгачкы мамлекеттик сапарын уюштуруу, ошондой эле "Борбор Азия — Кытай" биринчи саммитине катышуусуна даярдык боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

Тараптар саясий диалогду бекемдөө, соода-экономика кызматташтыгын, маданий-гуманитардык байланыштарды жана коопсуздук тармагын өнүктүрүү сыякттуу кыргыз-кытай мамилелерин талкуулашкан.

Аны менен катар министрлер өз ара соода жүгүртүүнү илгерилетүү үчүн "Торугарт" жана "Эркеч-Там" пунктуларынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн арттыруу зарылчылыгын белгилешкен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости