www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр быйыл 14 тонна алтын өндүрүүнү пландоодо

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, президенттик администрациянын кызматкерлеринин жана “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун катышуусунда 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча отчет берди.

"Kумтөр Голд Компани" ЖАКнын казылган алтын жана аны сатуудан түшкөн каражат тууралуу маалыматына ылайык, компания өткөн жылы 17 тонна 305 кг алтын өндүрүп, анын 17 тонна 284 кг сатуу менен 986 млн 511 миң доллар киреше тапкан.

Ишкана ошондой эле, өткөн жылы мамлекетке 32 млрд сомдон ашуун салык жана башка төлөмдөрдү төккөнүн билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров алтын өндүрүүдөн түшкөн киреше элдин муктаждыгы үчүн түзүлгөн социалдык долбоорлорго жумшалышы жана бардык отчеттордун даректүүлүгү болушу керектигин белгиледи.

“Кумтөр мамлекетке өткөнгө чейин отчеттор ар кандай айтылып келген. Кен мамлекеттин карамагында болгондон кийин отчеттор так болушу керек. Бул үчүн Директорлор кеңеши дагы көзөмөлдү баштан аяк катуу койгула”, - деди ал.

“Kумтөр Голд Компани” ЖАКсы быйыл 14 тоннадан ашуун алтын өндүрүү планын койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости