www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Тажикстан соттору 2,5 миң жашы жете элек кыздын никеге турушуна уруксат берген.
Ага ылайык, күн сайын орто эсеп менен жашы 18ге толо элек 6-7 кыз күйөөгө чыгат. Бул тууралуу Омбудсмен кеңсеси Тажикстандын Жогорку сотунун статистикасына таянуу менен билдирди.
Тажикстан мыйзамдары боюнча жарандарга 18 жаштан кийин үй-бүлө курууга уруксат берилет. Бирок айрым учурларда, маселен, кыз эрте кош бойлуу болуп калса, ата-энеси катуу ооруп жатса, соттун чечими менен 17 жаштан никеге турууга болот.
Душанбе шаарынын жашоочусу Зебо 16 жашында турмуш курган. Анын курбулары 10-класста окуп жатканда Зебо көз жарайын деп калган. “Үй жумуштарын жасап жетишип жаттым, бирок эне болуу жана үй-бүлө куруу үчүн өтө жаш элем” – деди ал.
Тажикстанда 2010-жылы Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, кыздар үчүн нике курагы 17ден 18 жашка жогорулаган. Бирок кыздарын мажбурлап эрте турмушка берүү – тажик коомунун негизги көйгөйлөрүнүн бири.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, былтыр мыйзамсыз түрдө жашы жете элек кыздар менен никеге турган 29 учур катталган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”