www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн тийген жердин күкүгү болгондор саясий айдыңдан чыга калып, элди иренжиткенин качан токтотот деги? Аларды көргөн сайын элде жийиркенүү жаралып жатканы калппы? Азамат Арапбаев деген депутат бар. Парламенттин ар бир чакырылышында ар башка партия менен депутат болуп келет. Кайсыл партиянын идеологиясына сугарылганын өзү деле түшүнбөсө керек. Бакиевдин доорунда “Ак жолдун” туусун көтөрүп жүргөн, ал заман бүтөрү менен “Ата Журтка” орун алыштырган. Атамбаев күчүндө турганда КСДПга кире качып, азыр ошол партиядан депутат болуп олтурат. Күлү бир партияда додо болгондордун сап башында. Ошол Арапбаев кечээ КСДПнын Ош шаардык бөлүмү 3-апрелдеги съездге делегаттарды шайлоо боюнча жыйын курганда таасирлүү КСДПдагы фигура катарында олтурду. Уялбайт экен да. Атамбаевдин доору уланып турганда ага каршы багытты тандап алмак түгүл, үнүн өктөм чыгарганга Арапбаевдин кудурети жетмек эмес да. Бүгүн болсо тап берип жатат. Ушундай адамдар бүгүнкү бийликке көлөкө түшүрүп жатканы чындык эмей эмине? Же Азамат Арапбаевдин КСДП үчүн күйгөнүн көргөндөр барбы?

Булак: «Жаңы Ордо»

Последние новости