www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам талкаланган 17 социалдык объект капиталдык оңдоого муктаж, ал эми 5 объект жаңыдан курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Маалыматка караганда, агенттик министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында талкаланган социалдык-маданий маанидеги объектилердин жана жеке турак жайлардын долбоордук-сметалык документациясын даярдап, изилдөө иштерин жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, Мамкурулуштун жумушчу тобу ар бир социалдык объекттин изилдөө иштерин, долбоордук-сметалык документациясын кылдаттык менен даярдоодо.

"Учурда жумушчу топ талкаланган объекттерди изилдөө иштерин улантып жатат. Алдын ала маалымат боюнча, 17 социалдык объект капиталдык оңдоого муктаж, ал эми 5 соцобъектинин толук кандуу курулушу пландалууда", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости