www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-сентябрда Өзбекстан ТИМи мобилизациядан качып келген орусиялыктар боюнча абалга комментарий берди.

Министрликтин билдирүүсүндө “Орусия Федерациясынын жарандарынын санынын Өзбекстан Республикасынын аймагында көбөйө баштоосу, алардын биздин өлкөдө жүрүшү мыйзамдар менен, эки тараптуу жана көп тараптуу укуктук келишим актылары менен жөнгө салынат. Арасында алардын ыктымал экстрадициясы да бар”, — деп айтылат.

ТИМдин билдирүүсүндө укук бузбаган чет өлкөлүк жарандарды күч менен депортациялоо болбой турганы белгиленген.

21-сентябрда Орусия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин миңдеген орусиялыктар, башка өлкөлөргө анын ичинде Өзбекстанга жер которушкан.

Орусиялыктардын жапырт агымынан кийин Ташкентте турак жай ижарасы кымбаттады.

Өзбекстан өкмөтү Украинадагы согушка байланыштуу бейтарап позицияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости