www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1861-жылы Жантай атасы Карабекке аш берет. Бул ашта кыргыз манаптары байгеге кул, күң сайган акыркы аш болгон. Анткени, Карабектин ашында Эсенкул уулу Куттуксейиттин ашынан ашырып 250 кул, күң байгеге сайылганы айтылып калган. 1868-жылы Жантайдын көзү өтөт, анын уулу Шабдан байгеге адам сайган эмес. 1861-жылы Орусия букаралыгына бугу уруусунан башка эч ким өтө элек кез. Бирок Орусиянын таасири улам берилеп жылып келаткан. Ормондун керээзин аткаруу үчүн бугуга болгон кол салуулар уланып жаткан. 1861-жылы 15-сентябрда сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү Ырыскулбек Ниязбек уулу, Ажы Ниязбек уулу (Ормондун инилери), Адыл Субан уулу жана Калыгул Алыбек уулу орус генералы Г.А.Колпаковскийге кат жазышат. Ошол жылдардан баштап Орусиянын курамына кошула турган уруулар башталат. 1862-жылы орустар Пишпек чебин алат, солто жана сарыбагыштын тынай тармагы, көп узабай черик менен саяк Орусия империясынын карамагына өтөт. Орус аскерлери 1863-жылы Жумгал жана Куртка чебин алышкан.
Үкү, Кудаяр, Таштанбек, Кубат бир туугандар болгон. Карабектин ашына Таштанбек менен он бир жаштагы тестиер Кудаярдын баласы Эсенбай кошо барат. Балким ошол кездеги опол тоодой Шамен, Жантай, Төрөгелди, Жангарач, Ажыбек сыяктуу кыргыз мыкчыгерлерин көргөнгөбү, ушул окуяны Эсенбай эсинде өлөр өлгүчө сактап баласы Келдибекке айтып кетиптир. Кичинекей кезинде ээрчитип Карабектин ашына барып калган тууралуу жана Шамен тууралуу көптөгөн айтып кеткендери өз башынан өткөндөрү. Эсенбай айтканын жаза кетирбеген сөзмөр адам эле деп атам айтып калар эле.
Эсенбай көрүп, билгендерин уулу Келдибекке айтып кеткен. Келдибектин айткандары боюнча ушул китеп жаралды. Ал мезгилде Ормон өлүп, сарбагыш көлдү үч айланып, айыл-апа ызы-чууга батып жаткан кез. Ормон хандын учурунда таасирдүү Жантай атасы Карабекке аш берип, туугандары Тукур бийдин тукумун чакыртып, атайын боз үй тиктирип, конок кылат. Чоңчарыктарды Таштанбек баштап барган экен. Жантай өзү жылкынын учасын көтөрүп келип, Таштанбекке тартып, Тукур бийдин тукумдары, эң сый адамдарыбыз деген экен. Ал мезгилде 10-11 деги бала Эсенбайдын эсинде калганы, Кеминден Кочкорго чейин, агасы Таштанбек Жантай хан өзү уча тартты деп жетине албай келип, айыл-апада да көп айтса керек. Бул окуя 1861-жылдары болгон, ал эми Жантай хан 1868-жылы каза болуптур. Менин чоң атам Эсенбайдын тушунда бизди Тукур бийдин тукуму дешчү экен, биз өзүбүздү чоңчарыктар деп келебиз. Сарсейит менен Тукур Манап бийдин чөбүрөлөрү.
Бийлик Сарсейиттин Үчүке, Түлкү, Кудаян деген өткүр балдарына өтүп, Тукурдун тукуму тизгин талашып калган. Сарсейит тукуму Эсенгул баатыр калмактарды жеңип, кыргыз элин бийлеп турганда, анын Анар деген биринчи аялынан Куттуксейит, чоңчарыктын Карагул баатырынын Үкү деген небересина алган. Булардан Шамен,Райымбектер туулат. Шамендин тукуму Байтерек, Балбак, Суламбы, Бекчоро, Малабектер совет бийлигине чейин Кочкор жергесине болуш болуп келишкен. Ал эми Эсенбай тогуз жыл Кочкордо бий шайланып, болуш, уезнойлор менен иштешип келген. Бул тууралуу жакшы санжыра айткандар бүт эле билет. Алар таяке катары чоңчарыктардын алдынан кыя өтүшкөн эмес, ушул күнгө чейин Шамен тукумдары чоңчарыктарды «таяке» деп келишет.
Орус келгиче Тагай бийдин балдары Кокон ханын үстүртөн гана тааныбаса, түз баш ийишкен эмес. Сарттар зекет гана чогултушуп, ички иштерге даай алчу эмес. Орус келип, болушка бөлгүчөктү кыргызга Ормон хан баш болуп, өзү жер ортосу Орто-Токойду ээлеп, ажыдардай болуп сойлоп келаткан Кытайдын жолун тосуш үчүн, бир туугандарынын көпчүлүгүн Ат-Башы, Нарынга койгон.Ормонхан элдин сөзүн динден да жогору койгон экен. Жайдын күнү күн узак, оокат-аш жүрбөй калат дешип, эл даттанып келет. Ормонхан элдин мүдөөсүн эске алып жайдын күндөгү орозону падышалык «Указы» менен кышка жылдырып койгон. Ормонхан трайбалист болгон. Анын мамлекетинде жооптуу кызматтын барын жакындары ээлеген.
Инилери: Жантай премьер-министр, Төрөгелди Коргоо министри, Адыл Ички иштер министри, Шамен тышкы иштер министри, Ажы Бажы министри, агасы Бердибек Нарындын, губернатору, кудалары: Боронбай Ысык-Көлдүн, Жангарач Чүйдүн губернатору, достору: Алымбек Оштун, Ажыбек Таластын губернатору. Ормонхандын байбичеси Кусубалды тантык адам болгон экен. Жарыктык Ормон деле адам да, эртеӊ менен туруп, мал-салын карап, кургактап чапанынын этегине, Бакиев айтпаса деле тезек тере келет да. Бир ирет таластан кишилер келип калат, тезек терип ордосуна кирсе, байбичеси:
- Оймон, Оймон эйе дейсиӊей, Оймонуӊайга мен тезек тейдийип коём, - деген имиш.
Кененсары ханды жеӊгенден кийин Ормондун аты алыска дүӊгүрөп кетет. Ошондо Ормон Шамендин кеңеши боюнча боз үйдүн түндүгүндөй кылып тебетей тиктирип, төөгө жүктөтүп орустарга берип жиберет. Мамай ханды, Напалеонду жеӊген орустар Ормондун тебетейин көргөндө, өзү кандай киши болду экен дешип, оозун ачышкан имиш. Ормон өлбөсө, орустар даай алмак эмес экен.
Шамен кылдаат дипломат болуп, бир жагы Кытай, бир жагы Кокон, Бухара хандыктары, бир жагы казак, андан ары орустарды колго алган. Ушундай оомалуу-төкмөлүү дүйнөдө кыргыздын башын бириктире алган. Ормон аны баалаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ