www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-сентябрда быйыл түзүлгөн Абай облусуна иш сапар менен барган Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев эл менен жолугушуу учурунда “киберчабуулдарга” токтолуп, аны алдыдагы шайлоо менен байланыштырды.

Ал чет элде Казакстандын ийгиликтерине ичи күйгөн кишилер бар экенин, маалыматтык чабуулду дал ошолор уюштуруп жатканын айтты.

“Албетте, шайлоодон кийин ар кандай талкуу болот. Мындан тышкары мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыгып, жалган маалыматтарды тараткан кишилер пайда болот. Кыраакы болушубуз керек. Шайлоо жарыялангандан кийин ар түрдүү фейктер, киберчабуулдар күчөдү. Бул жөн эмес. Айрым тышкы күчтөр өлкөбүздө дүрбөлөң жаратканга ниеттүү. Алар Казакстандын позитивдүү өзгөрүүлөрүнө бөгөт коюуну каалашат”, - деди Токаев.

“Чет элдик кишилер” жөнүндө кеп кылган Токаев алар Казакстанга маалыматтык чабуул уюштурушу ыктымал экенин айтып: ар бир саясатчы, коомдук ишмер, журналист, блогер же жөнөкөй жарандар өз сөзү жана аракеттери үчүн жоопкерчиликти сезиши керектигин эскертти. Анын пикиринде, ар бир иш мамлекеттин кызыкчылыгына жооп бериши керек.

Буга чейин швейцариялык Public Eye уюмунун журналисттери Касым-Жомарт Токаев мунай жана сейрек металлдарга байланыштуу активдерге Касым-Жомарт Токаев ээлик кылаары жөнүндө иликтөө даярдаган. Бул материал “Азаттыктын” казак кызматынын сайтында жарыяланган. Акордо ага реакция жасаган эмес.

Бул материал жарыялангандан кийин Казакстанда маалымат сайттары DDoS чабуулдарга кабылган, айрым сайттарга кирүү кыйынга учураган. Арасында “Азаттыктын” казак кызматынын сайты да бар.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости