www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ок атышуу «тараптардын ортосундагы түшүнбөстүктөрдөн» улам келип чыккан. Бул тууралуу Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода билдиргенин «Озоди» радиосу билдирди.

Анын айтымында, окуянын чоо-жайын Согди облусунун Аскердик прокуратурасы менен Кыргызстандын Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү жүргүзүп жатат.

«Жумушчу топ атышуулардын себебин аныктайт», - деди Ахмадзода.

Эки өлкөнүн чек арасында окуя 14-июнда эртең менен Булак-Башы аймагында болгон. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 6:50-7:00 чамасында «Кех» (Тажикстан) чек ара заставасы тараптан «Булак-Башы» чек ара заставасын көздөй ок атылган. Ага жооп катары кыргыз тарап да тажик постун көздөй ок чыгарган.

Түштөн кийин чек арада эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүп, жыйындын биринчи жыйынтыгы катары бөлүктөрдү согуштук позицияларынан чыгаруу чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости