www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпы коомчулук билгендей, жерде жөргөлөп жүргөн ымыркай балдарга «памперс» ташыган жактоочу Канат Хасанов «алты балалуу жалгыз бой аялды камап салды» деп, чуу салгандан кийин 2021-жылдын 21-октябрь күнү милициянын полковниги, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнин начальниги Уланбек Аалиев өзүнө даттанып арыз жазган жарандардын «2 млн АКШ долларын алдап алган» деп шектелген Асыл Талипованы камакка алганы үчүн Кыргыз Республикасынын Аскер Прокуратурасынын процессуалдык нормаларды өтө одоно бузган кызматкерлери тарабынан камакка алынган.

2022-жылдын 13-июнунда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда подковник Уланбек Аалиевдин иши каралып, прокуратура берген тизмеде көрсөтүлгөн күбөлөр көрсөтмө беришти.

Прокуратура берген тизме боюнча беш күбө чакырылган экен. Бирок, соттук процесске алтынчы күбө да келип, көрсөтмө берүүнү каалады. Тилекке каршы, соттук процесстин убактысы чектелүү болгондуктан, 6-күбө өз көрсөтмөсүн бергенге үлгүрбөй калды.

Ошентип, күбө катары 6 киши келип, анын бешөө көрсөтмө беришти. Күбө катары көрсөтмө берген 5 кишинин бири да полковник Аалиевдин дарегине кылайган көлөкө түшүрчү маалымат беришкен жок. Алар бир ооздон «Полковник Уланбек Аалиев жалган жалаа менен ак жеринен караланып, 8 айдан бери СИЗОдо отурат» дешти.

Күбөлөрдүн бири төмөнкүдөй көрсөтмө берди:

«Мени Генералдык Прокуратуранын тергөөчүсү чакырды. Барсам;

- Мен аябай шашып жатам. Мобул, мобул жерлерге кол кой, - деп, кагаздарды сунуп, күчкө сала шаштырып, кол койдуруп алды.

Мен кагаздарга кол коюп бүткөндөн кийин бир жакка жөнөчүдөй болуп шашып жаткан тергөөчү эмнегедир эле шашпай калды. Ошондо мен шекшинип, кагаздарды тергөөчүдөн кайра сурап, андагы текст менен таанышсам, кагазда «Полковник Уланбек Аалиевдин кабинетинен Асыл Талипова ыйлап, депрессияга түшүп чыкты» деген жазуу бар экен.

- Мындай көрсөтмө берген жокмун да, - десем;

- Эч нерсе болбойт. Бул кагазды менден бөлөк эч ким окубайт. Кам санаба! - деп койду тергөөчү.

Ошондуктан, «Полковник Уланбек Аалиевдин кабинетинен Асыл Талипова ыйлап, депрессияга түшүп чыкты» деген сүйлөм мага таандык эмес. Аны Генералдык Прокуратуранын тергөөчүсү өз оюнан чыгарып жазган» деп, сот залындагыларды таң калтырды.

Күбөлөрдүн арасында Асыл Талиповага ири суммадагы акчасын алдырып жиберген жарандар да бар экен.

Баарынан өкүнүчтүүсү: «үй алам» деп, болгон акчасын алдатып жиберип, арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган жабырлануучулардын өздөрүн Кыргыз Республикасынын ИИМнин алдындагы ГСУ (главное следственное управление – башкы тергөө башкармалыгы) өзүм билемдик менен камап, «же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок» акыбалына жеткиришиптир.

Үй алам деген акчасын алдатып жиберип бир күйүп, камакка алынып экинчи күйгөн жабырлануучуларды кадимки эле прокуратура менен милициянын чоңдору кыйнап, алардан Уланбек Аалиевге каршы кара күчкө сала көрсөтмө алып, төбөсү көрүнүп келе жаткан офицер Уланбек Аалиевди эптеп эле каматып, өздөрүнүн ыплас иштерин улантуу максатын көздөшкөн сыяктуу.

Жабырлануучунун бири:

«Түрмөдө эле жата беремби? Же акчадан же үйдөн жок, талаада бомж катары калган мени ким коргойт? Түрмөдөн чыгып, сотко жана коомчулукка өз чындыгымды айтуу үчүн Аалиевге каршы алар даярдап койгон көрсөтмөнү аргасыз берүүгө мажбур болдум.

Улан байке ак. Органда ушундай мыйзамдуу принципти кармаган ак, таза милиционерди көргөн эмесмин. Байке, кечир! Мен түрмөдө болсом, коомчулук менен сотко ким чындыкты жеткирип, чыныгы маалыматты ким бермек эле?» деп айткан.

Баса, алдамчылыкка шектелип жаткан Асыл Талипованы көргөн-билгендер берген маалымат боюнча анын алты баласы жок. Үч баласы бар. Бирок, алар «памперс» кийген курактан эчак эле өтүп кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости