www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Касса аркылуу гана соода кылуу тартибин киргизүүгө каршы митингдер уланып жатат, анткени чек жазып бербей иштегенге баары көнүп калган, бирок андан казынага салыктар толук өлчөмдө түшпөй калууда. Тартиптүү мамлекеттерде мындай митингдер эч качан болбойт, анткени салык төлөөдөн качуу мамлекеттик кылмыш болуп эсептелет.
Эгемендиктин алгачкы жылдарында экономика жоголуп кетүү коркунучуна кептелген, ошондуктан ал кезде салыктын толук төлөнбөй жатканына бийлик көз жумуп келген. Патенттик система дагы – кандай болбосун бизнес деги эле пайда болсун деген ниет менен киргизилген. Ошондуктан, бийлик азыр салык тармагында тартип орното баштаганда, жапайылыкка көнүп калган бизнес эл ичинде каршылык митингдерин уюштурууда.
Дагы бир себеп – кассалык аппарат киргизүү иштери бийлик тарабынан жеткиликтүү түшүндүрүлбөй жатканыда. Азоо болуп кеткен бизнести тартипке келтирүү оңой эмес. Негизгиси болсо, бийликте коррупция кеңири тарагандыктан, бизнес менен эл ага көп ишене бербейт.