www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын Исфара аймагындагы Ворухту Кыргызстандын Баткен облусундагы жер тилкесине алмаштырууну сунуш кылган билдирүүсүнө ушул убакытка чейин жооп бере элек.

Бул арада RT басылмасы Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифинин билдирүүсүн жарыялады.

Анда Камчыбек Ташиевдин Мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча сүйлөгөн сөзү куру сөз. Ал Тажикстан Ворухту эч качан анклав деп эсептебей тургандыгын эскертти. Экс-чиновниктин айтымында, кыргыз тарап Тажикстандын жерлерин басып алган деген пикирде.

«Тажикстан эгемендүү мамлекет, анын чек аралары кол тийгис. Бизде тынчтык, эмгекчил адамдар жашаган туруктуу өлкө бар, бизде адекваттуу өкмөт жана мамлекет башчысы бар. Биз бөтөн аймактарды талап кылбайбыз жана касиеттүү жерибиздин бир сантиметрин эч ким менен бөлүшпөйбүз.

Менимче, Тажикстандын делегациясы тең укуктуулуктун, урматтоонун жана жакшы коңшулаштыктын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынмайынча, өз элин жана достук мамиледеги Кыргызстан элин тынчсыздандырбайт. Бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга ылайык, анклав болгон эмес. Маселе бир дагы жерди Тажикстанга кайтарып берүү жөнүндө эмес», - деди Хамрохон Зарифи.

Эске салсак, 16-17-мартта Тажикстан менен Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын ортосунда Согди облусунун Гулистон шаарында мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости