www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу үй камагына чыкты

Чүй облусунда милиция тарабынан 10-июнда кармалган Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу (Алмаз Теңгиз уулу) үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, шектүү А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу – ред.) Аламүдүн райондук соттун чечими менен 2 айга үй камагына алынган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Соттук териштирүү жүргөн учурда ал үй камагында болот.

Белгилей кетсек, 10-июнда 35 жаштагы А.Т. «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча кармалган. Аталган жаран Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу экенин Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген.

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бул иш боюнча шектүү катары А.Т. аттуу жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, Теңгиз Бөлтүрүк буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу болгон. Ал 2022-жылы 13-сентябрда «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык иш боюнча кармалган. Теңгиз Бөлтүрүктүн иши боюнча мамлекетке 1 млрд 146,4 млн сом зыян келтирилгени кабарланган.

Ал бир нече ай камакта жаткандан кийин быйыл 30-апрелде үй камагына чыгарылган. Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагына чыгышы мамлекетке келтирген зыяндын көпчүлүк бөлүгүнүн кайтарылганы менен байланыштуу экенин билдирген.

Булак:, NazarNews.kg

Последние новости