www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү ири долбоорлорду камтыган, кен байлыктарды иштетүүчү “Улуу көчмөндөр мурасы” түзүлүп, башчылыгына Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган. Мамлекеттин дээрлик байлыгы мына ушул ишкананын карамагында болот. Келечегин кандай элестетесиз?

Саясый интеллигенцияда Теңгиз Бөлтүрүккө карата ишенбөөчүлүк күчөп баратат. Шек жараткан “каарманыбыз” убагында Канаданын жарандыгын алганы, кийин ал жактан кылмыш иши козголгону, айтор, баскан жолу күңүрт экенин кандайча түшүнөбүз? Соңку жылдары Кумтөрдү жетектеп, көп суроолорду жаратуу менен кирешесинен адаштырганбы?

“Центеррага” байланыштуу бир топ көмүскөдөгү жагдайлар ачылбай, элдин байлыгына ээ боло албай калдыкпы? Экологиялык зыяндар кат-кат таризинде келечек муунубузга коркунучтуу көйгөй катары баш оору жаратары ырас. “Улуу көчмөндөр мурасын” жетектөө менен Теңгиз Бөлтүрүк ондогон, жүздөгөн кен байлыктарыбызды кандайча иштетет? Азырынча так маалыматты уга элекпиз. Эмне үчүн?

Кыскасы, коомчулук астында ачык эмес, кылган иши бүдөмүк адамдан эмнени күтөбүз? Ар бир бийликтин тушунда мамлекетке чыккынчылык кылуу, коррупция сыяктуу ири кылмыш иштери ачыкталбай, качан гана төбөлдөр алмашканда көзүбүз ачылып атпайбы! Буга чейинки практикаларга, баскан жолубузга саресеп салсак жетиштүү.

Андыктан, Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердигине президент Садыр Жапаров алдыртан көзөмөлдү күчөтүп, кыраакылыгын көрсөтүшү зарыл. Эртең бармагыбызды тиштеп калбайлы. “Куйругун түйүп” кетсе кантебиз?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости