www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаев төрдө, ал эми Асия Сасыкбаева түрмөдө. Ушул айды эсепке алганда «Ата-Мекен» партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири, ардагер мүчөсү төрт айдан бери аял башы менен камакта жатат. Өткөндү эстебей, эртеңди эңсебе деген кыргызда накыл кеп бар.
Асия Айтбаевна камалып каларын туюп турса дагы, өзүнүн эркиндигин, жашын тобокелге салып, Өмүрбек Текебаев камакта жатканда анын боштондугун талап кылып митингдерди уюштуруп, буту жерге тийбей чырылдап жүрдү эле.
Башыңа мүшкүл иш түшкөндө кимдин ким экенин билесиң, же досум көп деп мактанба, тас экениңди акыр бир күн сезесиң деп бекеринен айтылбаса керек.
Текебаев «мен текемин» деп текеберленип, «атыңды өзгөрт», «эр болсоң куруңа асынып ал», - деп төш каккылап, публикага ойногону бүгүн көрүнбөйт да, угулбайт.
Ата-Мекенчилерди, алардын апасындай болгон Асия Айтбаевнаны таштап Германия карай баса берди. Бул көрүнүшкө ата мекенчилер, анын тарапташтары да нааразы экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg