www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча комитетти түзгөн жана массалык баш аламандык уюштурду деп айыпталган активисттердин жана саясатчылардын туугандары жана жакындары Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен жүргөн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылышты.

Кайрылууда алар Кыргызстандын башчысы менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча келишимге кол коюшаарын белгилеп өтүштү.

«Ушуга байланыштуу бул көйгөйдү чечүү үчүн бейкүнөө адамдардын өмүрү, алардын үй-бүлөлөрүнүн, айрыкча жаш балдардын, кары-картаң ата-энелердин көз жашы, азап-тозогу курмандыкка чалынганын билишиңизди каалайбыз. Кемпир-Абад суу сактагычын сиздер тарапка өткөрүү боюнча пикир келишпестиктерин айтууга батынганы үчүн эле биздин апалар менен аталар, аялдар менен күйөөлөр, кыздар менен уулдар, жалпысынан 24 адам 100 күндөн ашык камакта отурат. Бүгүн бул маселеге акыркы чекит коюлат, бирок биздин азап-тозокторубуз качан бүтүп, абактагылар көптөн күткөн эркиндикке качан ээ болору белгисиз», - деп жазышты кармалгандардын жакындары.

Ошондой эле, алар абакта эркектер менен бирге алты аял бар экенин, алардын улуусу 72 жашта экенин эске салышты.

«Албетте, алардын бири да мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө жана чек ара маселесинин чечилишине эч кандай коркунуч келтире албайт. Сиздер кол кое турган келишимди биздин көз жашыбыз жууган. Ал эми бул жагдай, биздин оюбузча, биздин элдерибиздин ортосундагы ез ара түшүнушүүнү, достукту жана кызматташтыкты чыңдоого таптакыр кызмат кылбайт. Эч нерсеге карабастан, биз адилеттиктин орношуна жана туугандарыбыз эркиндикке жетет деп ишенебиз», - деп жазат камактагылардын жакындары.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости