www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Столыпин деген болгон Саратовдо губернатор болуп турганда мыкты иштегендиги үчүн эл оозуна алыныптыр. Эмгиче Бекболот Талгарбеков сыяктуу айыл чарбасын оңойбуз дегендердин оозунан түшпөй келатат. Аны ак падыша Николай экинчи өкмөт башчысына алып келет. Өкмөт башчысы болоор менен ал реформаны баштайт. Анын реформасынын калдыктары ушул күнгө чейин калдырап-шалдырап иштеп жатат. Ошол мезгилдин алдында 1861-жылы орус калкы крепостнойлуктан бошотулат. Крепостнойлуктан бошотулуп эмне кыларын билбей калган орустар Столыпиндин убагында жер-жайнап кеткен.

Столыпин өкмөт башчысы болор менен акылга салат. Бул крепостнойлуктан бошотулгандарды Борбордук Орусиядан жок кылыш керек эле. Столыпин «Бир ок менен бир нече койон аткан». Биринчиден, крепостнойлуктан бошотулгандарды алыс жакка айдай баштайт. Айрыкча жаңыдан ээлик кыла баштаган Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтөт. Бул «мужуктар» салыктын бардык түрүнөн бошотулат да өзү барган жерде «Өзү бий, өзү хан» болот. Ансыз деле каякка болбосун баш калкалаган орустарга бул майдай жагат. Кечээки кулчулуктун деңгээлинде крепостнойлуктан бошотулгандар башка Кыргызстан сыяктуу кенен, жылуу жерге келишип тез эле байышып кулактарга айланышат. Алардын көзү тойбой кыргыз элин тоо-таштарга сүрүшүп жерлерин тартып ала башташат.

Экинчиден, жаңы басып алган Кыргызстан сыяктуу колонияларга өздөрү таянган «улутташ» элдерди алып барып Столыпин көп нерседен уткан. Анткени, кыргыздарга караганда орус «мужуктары» өздөрү таянган эл, алар титулдук калктын өкүлдөрү баш көтөрүшсө орус бийлигине тирөөч болуп турат. Орусияда «осургандан» башканы билбеген «крепостной» орустар жерлерин кеңейтип кыргыздарды улам тоо-ташка сүрүп, четинен жоккыла баштаган.

Үчүнчүдөн,  салыктардан бошотулган, барган жеринен канча болсо да жер алганга укуктуу бул орус «мужуктарына» барган жерде жакшылап оокат кылсын деп мамлекет көп жылга насыяларды берген. Мына Столыпиндин реформасынын сыры.

Талгарбековдун Столыпиндик агрардык реформаны  кубаттаганын жөнү бар. Анткени бул реформа Орусиянын алдыга жылышына чоң себеп жараткан, прогрессивдүү реформа. Ошол кезде эле Столыпинге он бир жолу өмүрүнө кол салуу болуп, акыры 1911 жылы аны жок кылышкан. Ал өкмөт башчы болуп беш жыл эле иштеген.

Столыпиндин реформасынан жана башка себептер менен Кыргызстанда орустар көбөйүшкөн. Бирок эгемендүүлүк келгени алар Орусияны көздөй чилдей тарап, орустар чакан калышканы менен орус тили өз дараметин жоготкон жок. Орус тилдүүлөр шаарларыбызда, анан Чүй өрөөнүндө көп эмеспи, ата-бабаларыбыз шаар курган эмес, ары-бери көчүп жүрүп алышыптыр. Орустар көчүп келишиптир, шаар куруптур, кыштак салыптыр, кыргыздын мыкты жерлерине орношуп алыптыр. Ошон үчүн Сары –Өзөн-Чүйдө, борбор калаабыз Бишкекте  Кыргызстанда кыргыздар жалпы калктын 26 пайызын түзүп, орус тилдүүлөр көбөйүп кеткен. Негизги көйгөйдүн бары ушунда турат. Кыргыздар тоо-таштан түшүп келип, алар түз жерге куруп койгон шаарларды карасак эле орус көп. Анан, эмне үчүн орус көп, эмне үчүн орус тили өкүм сүрүп кеткен деп, орус салган тамга кирип, орустар куруп койгон мектеп, университеттен окуп, анын тилин үйрөнүп алып чатак салып жүрөбүз.

 (Уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg  

    

Последние новости