www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп эгер бүгүн Ак үйдүн башчысы болсо, 24 сааттын ичинде украин чатагын жөнгө салууга жетише аларын билдирди.

«Азыр да, эгерде мен президент болсом, мен бул коркунучтуу согушту 24 сааттын ичинде токтото алмакмын», - деп жазды Ак үйдүн мурдагы башчысы өзүнүн Truth Social социалдык тармагында.

Эске салсак, АКШнын мурдагы президенти Киевге батыш танктары жеткирилгенден кийин кырдаал өзөктүк чен-өлчөмгө ээ болуу коркунучунда турганын айткан.

KP.RU сайты жазгандай, анын айтымында, украин жаңжалы токтоосуз токтотулушу керек жана буга чейин АКШнын экс-президенти Украинадагы жаңжал Үчүнчү Дүйнөлүк Согушка өтүп кетүү коркунучу бар экенин бир нече жолу эскерткен.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Трамп АКШнын азыркы президенти Джо Байдендин администрациясын анын администрациясы Украинадагы чыр-чатактын башталышы жана өнүгүшүнө түрткү болгон деп түздөн-түз айыптаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости