www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаев бийлик менен кызматташууга даяр экенин айтты, бул билдирүүнү ар ким акылына жараша чечмелешсе керек. Бирок саясат сымаптай өзгөрүлмө экенин эскерте кетмекчибиз. Жогорку сот Текебаевдин соттолгондугун алып салгандан кийин акталуу жолунда күрөшө турганы мыйзам ченемдүүлүк. Мындай шартта бийлик менен кызматташуу керек. Ал эми чындыкка жеткенден кийин коомдогу көрүнүштөрдү Өмүрбек Чиркешович көрмөксөнгө сала албайт. Табиятынан оппозиционер каарманыбыз жыл айланбай кара жаак сымал баарын ачыктап, өзгөчө бийлик башындагылардын кемчиликтерин айтып турбаса, анда аты өчөт да.
Демек, Текебаевдин “кызматташуусу” убактылуу гана, ал түпкүлүгүндө элге жага турган саясат менен “ойнойт”. Жол баштайт, акыл үйрөтөт, алдууларды адаштырат, ж.б. Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg