www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин жыйынында катаал аба ырайынын кесепеттерин жоюу жолдорун ортого салышты. Депутат Мирлан Бакиров ар жылы болбосо дагы мезгил-мезгили менен катаал аба ырайынын шарттарына байланыштуу мал жандыктары чыгымга учурап жаткандыгын айтты. Мындай жагдайда эл өкүлү мал жандыктарын камсыздандыруу маселесин карап көрүү зарылдыгына токтолду. Жергиликтүү бюджетке каражат түшө тургандай кылып, ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн ушундай кырдаалдарда пайдалангандай кылып механизмдерин иштеп чыгуу зарыл»,- дейт ал.

Депутат Абдывахаб Нурбаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында катуу шамалдан көптөгөн үйлөр бир топ чыгымга учурагандыгы боюнча жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен тааныштырды. Караколдуктар бийликтен тиешелүү жардамдар берилсе деген өтүнүчтөрүн билдиришкен.

Депутат Пархат Тулендыбаевдин айтымында, Аламүдүн районуна караштуу 15 миӊдей тургуну бар Маевка айылында таза суу тутумун реабилитациялоо маселеси курч турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости