www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курултай болсо эле, экономика алга жылып, өндүрүш өнүгүп деле кетпейт», - деди бүгүн, 19-августта, NazarNews маалымат агенттигине режиссёр Темир Бирназаров.

- Темир агай, Курултай институтун калыптандырышыбыз керекпи?

- Курултай Жогорку Кеңешти эле кайталаган мыйзамсыз орган болуп калат го. Курултай өзү, илгеркинин эле парламенти болчу. Менимче, коомубуз ашыкча саясатташып кетти.

- Бирок, айыл өкмөт, аким, губернатор курултайдын делегаттарын шайлоого катышпаганы адилеттүүлүктөн кабар береби же бул жөн гана сөзбү?

- Бизде адилеттүүлүк деген түшүнүк өтө эле оор. Ар ким ар кандай чечмелейт.

- Курултайга маселе чечем, талап кылам деген делегаттар келет деп умут артсак болобу?

- Менимче, эч кандай деле маселе чечилбейт. Курултай болсо эле, экономика алга жылып, өндүрүш өнүгүп деле кетпейт. Депутаттыка өтпөй калган же курулай кыйкырык менен жүргөндөр келет да.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайдчакыруу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Курултай 25-ноябрда, Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости