www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир жолдун курулушуна Кытайдын кызыкчылыгы барбы?

Кыймылдап поюз баратса, кылгырып көздөн качан жаш агат, дүйнөдө терроризм күчөп турган убакта, бир жарым миллиардды чапчып, кылкылдап турган Кытай сестенип турат. Сестенбеске айла жок сепаратизмге сугарылган СУАРда да уйгурлардын фанаттары ар кандай жардыруулардын  ыгын таппай турушат. Ушундай мезгилде Кытай кантип Ангела Меркель алып келген карта боюнча Каспий деңизине чейинки аймакка  көз арта алат? Тарыхта Улуу Кыргыз Дөөлөтүнүн аймактары деле байыркы жылдардын эң зор державасы болгон. Байыркы боюнча тарых такталса талаш көп.

Чейрек кылымдан бери эл оозунда келаткан Кытай-Кыргыз темир жолунун башталышы бышып жетилип калгандай. Арийне, бул темир жол өзүн – өзү актай алабы кеп ушул жакта. Жаратылыш шарты боюнча континенттин ортосунда орун алган Кыргызстанга башка дүйнө менен тез арада сиңишип кете турган интеграциялык процесстер оңой менен жылбай, оор түйшүк алып келип жатат. Мындай ахыбалдан чыгуу үчүн бул долбоор деңиз портуна чыгууну камсыздайт. Азыркы Европа –Азия багыты боюнча  тышкы соода обороту эки жүз млрд. долларга чукул десек, болжолдуу Кыргызстанга жылына 1 пайызы тийсе, трансазиаттык магистралдын эсебинен Кыргызстандын экономикасын инвестициялоо үчүн 2 млрд. доллар түшүп калышы мүмкүн. Бул трансконтиненталдуу темир жолдун келиши менен анын айлана-чөйрөсүндөгү кен байлыктары акырындык иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы учурда интеграцияга бара жаткан Азия менен Европаны бириктире турган эң кыска жол биздин аймак болуп эсептелет. Бирок, Кыргызстанда транзиттүү жүк өткөрө турган заманбап темир жол жок болгондуктан жаңы Жибек жолунун ролун аткара албай жатат. Байыркы заманда Батыш менен Чыгышты бириктирип турган чыйыр Жибек жолу Кыргызстандын аймагы боюнча өтө турган. Деңиз жолдорунун ачылыш менен Жибек жолу тарыхта гана калды, бирок Кыргызстандын эң  зор Батыштан Чыгышка азыркы учурда эң пайда бере турган мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. Геосаясий абалы боюнча өз аймагынан өтө турган темир жол курула турган болсо Суэц каналы менен катташып жаткан Күн чыгыш менен Күн Батыштын ортосу 8 миң километрге кыскарса,  Африканы тегеренип келип катышкан соода 15 миң километрге  кыскарат.

Кыргызстанга темир жолдон алына турган салыктан тышкары темир жолдордун түзүлүшү Европада жана Кытайда  эки башка стандартта. Ошондуктан, Кытайдан келаткан жүк кайсы бир жерде түшүрүлүп, кайра Европалык вагондорго жүктөлүшү керек. Кыргызстандын аймагында бул жүктөр түшүрүлүп, кайра жүктөлө турган болсо миңдеген жумушчу орундары түзүлмөк. Кыргызстан ушул темир жолу аркылуу деңиз портуна чыкмак, интеграцияланып жаткан  Европа-Азия зуулдап биздин аймак аркылуу өтүп жатмак. Негизи мурун темир жолдун курулушу боюнча эки –үч долбоор болгон. Биринчиси Эркештам - Анжиан, экинчиси Торугарт - Анжиан, үчүнчүсү Торугарт-Кочкор-Балыкчы. Казакстан Кытайлар менен түздөн-түз соода кылыш үчүн «Хоргос» базарын ачышып, ал жерде азыр үч миңден ашып бараткан, эртең жүз миң калктуу Нуркент шаарын куруп жатышат. «Хоргос» аркылуу соода түйүндөрү өтүп, мурун «Дордой» аркылуу соода кыла турган «баурдастар» күчүн «Хоргоско» топтой баштады. Негизи Казакстан кытайлардын темир жолун өздөрү тараптан өткөзүп, Борбордук Азияда лидерликти бекем кармоо үмүтүндө. Ошондуктан, казак «баурдастар» Хоргоско чоң үмүт менен карап, Кыргыз-Кытай темир жолун атаандаш катары гана көз салып турушат.

Эгер Кытайдан өтө турган темир жол Өзбекстан аркылуу өтө турган болсо «Батыш-Чыгыш» жана «Чыгыш-Батыш» жүктөрү Фергана өрөөнүн өрдөп өтүп калат. Бул деген Өзбекстандын тез арада өнүгүүсүнө жана дүйнөлүк коомчулукка тезинен аралашышына алып келет. Ошону менен бирге Өзбекстан аймагы Чыгыш менен Батыштын кызыгуусун ого бетер арттырып, өзүнүн ички саясий стабилдүүлүгүн катуу тартипке келтирип, өлкөнүн казынасы көздөй  экономикалык дивиденддер менен инвестициялар агылып, жыйынтыгында Өзбекстандын башка мамлекеттерге көз карандылыгы жоголуп, ого бетер бекемделет. Чынында ушул темир жолдун таасири менен Өзбекстан аймыктын лидерине айланат. Муну терең түшүнгөн Өзбекстан кээ бир маселелер боюнча Кыргызстан менен кайым айтышууга барбай турат. Президент Шавкат Мирзияев чек ара боюнча чечилбей жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү жана башка чечилбей жаткан маселелерди ыкчам чечүүгө аракет кылууда. Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолу экономиканын өнүгүшүнө чоң таасир берери анык. Өзбекстан менен атаандашып турган Казакстан бул жолду алысырак болсо да өз тарабынан алып кетсе оомат ал тарапка ооп кетиши ыктымал. Эгер бул темир жолду куруу ишке ашса Ташкен тышкы дүйнө менен байланышууга эки жерден мүмкүнчүлүк алат. Алар түркмөн-ирандын «Теджен –Серахс» темир жолу жана Кытай аркылуу деңиз портуна чыгып калат.

Кытай мамлекети бул темир жолдун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары  кылтылдап ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Кытайлык калк башка мамлекеттерге агылып жатканы белгилүү. Демографиялык  саясат темир жолдун салынышы менен өөрчүп кетпейт, себеби түрк дүйнөсүнүн үзүмү уйгурлар көп жылдардан бери Кытай мамлекетинин «тиш оорусу» болуп келатат. Эми Борбордук Азияда кайрадан «тиш ооруткусу» келбейт. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт. Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүз кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү  үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости