www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КЛООПтун журналисти Анна Капушенко 1-апрель күнү саат 9:30да адвокаты менен кошо Улуттук коопсуздук боюна мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирген. Ошол боюнча журналист кечке жуук, саат 19дар чамасында коё берилди.

КЛООПтун башкы редактору Элдияр Арыкбаев «Азаттыкка» журналисттин узак кармалышы УКМКда сурактын кеч башталышы менен байланыштуу болгонун билдирди:

- Мендеги маалымат боюнча, ага эч кандай күнөө коюлбаптыр, күбө катары чакырылган. Биз аны менен жолугуп, ал эмнени айта алса ошону сүйлөшүп, анан гана маалымат бере алабыз. Анткени ал суракта болгон сөздү ачыкка чыгарбоо боюнча макулдашууга кол коюптур. Сурак кечирээк башталыптыр, ортодо тыныгууларды эске алганда узакка созулуп кетти.

Арыкбаевдин маалыматы боюнча, Анна Капушенко суракка тендер чырларын иликтеген комиссиянын мүчөсү катары чакырылган. Бул анын КЛООПтун редакторлугуна тиешеси жок.

1-апрель күнү таңында Анна Капушенконун батиринде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзүшкөн. Медианын маалыматы боюнча, тинтүү адвокаттын катышуусуз өткөрүлгөн. Тинтүү учурунда коопсуздук кызматкерлери журналисттин ноутбугу менен телефонун алып коюшкан.

Булак: "Борбор Азия жанылыктар кызматы"

Последние новости