www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда киши өлтүрдү деген айып менен 42 жыл түрмөдө отурган эки киши акталып, эркиндикке чыкты. Бул тууралуу CBS телеканалы билдирди.

34 жаштагы Клиффорд Уильямс менен анын 18 жаштагы жээни Хуберт Майерс 1976-жылы Флоридада адам өлүмүнө катыштыгы бар деп кармалып, сот аларды өмүр бою абакка кескен.

​Соттордун өкүмүн текшерген бөлүмдүн ишинин жыйынтыгында Уильямс менен Майерс ак жеринен соттолуп кеткени аныкталган.

​Текшерүүнүн жыйынтыгында адам өлүмүнө башка киши башкы шектүү экени жана ал 1994-жылы каза болуп калганы белгилүү болгон. Соттордун өкүмүн текшерген бөлүмдүн докладында айыпсыз камалгандар сот туура эмес чечим чыгарганын учурунда айтып чыкканы жазылган. Бирок өкүм өзгөрүүсүз калган.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости