www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр голд компани" ишканасын сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк министрлер кабинетине 2021-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчёт берди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бөлтүрүктүн айтымында, өткөн жылы Кумтөрдөн 14 тонна 561 килограмм алтын казылган. Ал эми салык жана милдеттүү төлөмдөр боюнча бюджетке 13,6 миллиард сом которгон. Негизи план 9 миллиард сом деп коюлган эле, муну менен ал 150 пайызга аткарылганы айтылды.

Алтын сатуудан түшкөн жалпы кирешенин суммасы 856 миллион долларды түзгөн. Анын ичинен 621 миллион доллары сырткы башкаруу киргизилгенден кийин түшкөн.

Ошону менен бирге эле бир алтын унциясын жасоого кеткен чыгымдын көлөмү пландагыдан 220 долларга же 16 пайызга азайганы айтылды.

"Бир гана негизги көрсөткүч катары унциянын чыгарылган наркы төмөндөтүлгөнүн айтсак болот. Бул компаниянын мурдагы менеджментине салыштырмалуу убактылуу сырткы башкаруучулар чарбакер жана эффективдүү иштегенинен кабар берет", — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Эске салсак, 2021-жылдын 7-майында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн мамлекетке 261,7 миллиард сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. 17-майда Кумтөр алтын кенине тышкы башкаруу киргизилип, Теңиз Бөлтүрүк жетекчи болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости