www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш Дүйнөлүк экономикалык форумдун жүрүшүндө дүйнөнү кийинки пандемияга даярдык көрүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Биз мониторингге инвестиция жасоо менен кийинки пандемияга даярдык көрүшүбүз керек. Маселен, ар бир өлкө ооруну эрте аныктап, тез реакция жасоого аракет кылып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аброюн бекемдөө зарыл", — деген Гуттереш видео кайрылуусунда.

Ал азыркы пандемия менен акыйкат жана бирдей шартта күрөшүүгө чакырып, фармацевтикалык компанияларды өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө тилектештик көрсөтүп, лицензия, технологиялар менен алмашууга үндөгөн. Анын айтымында, кирешеси аз болгон мамлекеттер учурда оор абалда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости