www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Данияр Тербишалиев УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын айтат

Экс-депутат Данияр Тербишалиев атайын кызматка сүйлөшүүгө чакырылды. Бул тууралуу Элдик кошуундар бирикмесинин төрагасы Данияр Тербишалиев Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ал камактагы экс-депутат Бакытбек Калмаматовго байланыштуу сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди.

"УКМК иштебей жатат деп жатасыңар! Иштеп жатат! Саясий туткун - Бакытбек Калмаматовду колдоп, сотко катышып, билдирүү жазганыма эки-үч күн боло элек, сүйлөшүүгө чакырышты", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук комитети азырынча буга байланышуу комментарий бере элек.

Эске салсак, Бакытбек Калмаматовду УКМК өткөн айда кармаган жана "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айып койгон.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган. Калмаматов өзү айыптарды четке кагып, "саясий куугунтук" экенин айтып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости