www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия быйыл экономикалык кыйроого учурайбы?

Коронавирус пандемиясы жаңырган 2022-жылы дагы мизин кайтарбай жаткандыктан, дүйнөлүк экономика оор абалда кала берет. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Финансы технологияларын изилдөө жана санариптик экономика борборунун директору Олег Шибанов айтып, кайсы мамлекеттер кыйналарын түшүндүрдү.

Адистин пикиринде, бул жылы дагы экономикадагы кыйынчылыктардын негизги фактору катары инфляция болуп кала бермекчи. Ошондой эле сырьелор рыногунда көйгөйлөр болот.

"Сырьенун баасы өсө берсе өнүккөн өлкөлөр үчүн деле көйгөйлөрдү жаратат. Ошондой эле экономиканын өнүгүшүнүн маанилүү багыты болгон логистика аксоодо", — деди Шибанов.

Финансисттин божомолуна караганда, бул жылы Түркия менен Бразилиянын экономикасы өзгөчө тоскоолдуктарга туш болот.

"Учурда Түркияда финансы-кредит жаатында эксперименттер жүргүзүлүп жатат. Бул нерсе кыйын күндөрдө экономикага терс таасирин тйигизип коюшу мүмкүн", — деди адис.

Сөзүнүн аягында ал АКШ менен Кытайдын экономикасы өсө турганын айтып, бул дүйнөдөгү башка өлкөлөргө дагы оң таасирин тийгизерин кошумчалады. Ошондой эле финансист коронавирустун соккусунан кийин Германиянын экономикасы тездик менен бутуна туруп келе жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости