www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы алтын өндүргөн "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКсынын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ишканасынан кабарлашты. 

Компаниянын башкы директору Махин Тезджан окуяга комментарий берди.

"Узак жылдар бою "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКнын лицензияланган аянтынан сурьма кенин мыйзамсыз түрдө казып алып жүргөн адамдардын тобу учурдан пайдаланып компаниянын жумушчуларын ишке чыкпоого үгүттөгөн. Бүгүнкү күндө түзүлгөн чагымдын айынан "Эти Бакыр Терексайдын" жумушчулары иш таштады", — деди башкы директор.

Эске сала кетсек, 3-декабрда Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну, аталган ишкананын иштешине уруксат бербөөнү талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости