www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир фламинго экинчисинин башын чокуп, канжалатып жаткан сымал видео интернетке тарап, кызуу талкууга алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
No they are not fighting. This is one of the most amazing thing in nature. Parent flamingos produce crop milk in their digestive tracts & regurgitate it to feed young ones. See how together they are doing it. Source: Science Channel. pic.twitter.com/GrJr4irGox
— Parveen Kaswan, IFS (@ParveenKaswan) February 20, 2020
Маалыматка ылайык, бул эч кандай кол салуу же жүрөк үшүн ала турган окуя эмес, балапанды тамактандырган кадимки эле көрүнүш деп белгилешүүдө.
"Канаттуу баласын тамактандырып жатканда өзүнүн ашказанынан кандын өңүндөй суюктук иштелип чыгат.Мына ушул суюктук витаминдерге бай аазык . Фламингонун өңү кызарып турушуна дагы дал ушул зат жардам берет. Анткени баласы кичине кезде канаттуулар кадимкидей агара түшөт", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Түштүк Европада, Африкада, Түштүк Азияда жана чыгышта Бирмага чейин. Мурунку СССРде Арал-Каспий ойдуңу, Карабогазгол кысыгы жана Казакстандын айрым көлдөрүндө. Чыгыш жана Түштүк-Батыш Каспий деңизинин жээктеринде саны көп, ошондой эле Иран жана Индияда кыштайт . Кыргызстанга фламинго кокусунан учуп келип түшкөн куш. В.Н. Шнитников фламинго Нарын менен Ысыккөлдө кездешет деп көрсөткөн. 1933-жылы февралда Ысыккөлдө табылган фламинго биздин коллекцияда бар, ошондой эле 1954-жылы күзүндө Кокуйкөлдө ( Ысык-Көлдүн түштүк-батыш жээгинде) 4 фламингонун учуп келип түшкөнү белгилүү . 1998-1999-жылы кышында Балыкчы шаарынын аймагында 12 куш, 2002-2003-жылы бир фламинго болгону белгилүү.Жашоого ылайыктуу жерлери жок. Фламингонун негизги жеми – майда рак сымалдуулар, моллюскалар, туздуу сууда жашоочу чымындардын личинкалары, суу өсүмдүктөрдүн уруктары. Жемин суу жана баткак менен аралаш салып, аны тумшугу менен чыпкалайт.
Булак: NazarNews.kg