www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түмөнбаев деген түгөткүр бар, Түгөлбай - Ата жазуучулардын патриархынын атына жамынып элге көп жамандык уюштуруп келатат. Аны көктөткөн жана көптүргөн «Ата-Мекен» партиясы экенин дудуктан башкасы билет. Парламенттин сессиясында Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү "Жаныкулов Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышкан. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышкан.

Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров атындагы айыл өкмөтүндө 300 гектар жер, Чек-Абад, Нур-Абад айылдарынан 300-400 гектар тилке, баардыгы Араванда 1000 гектар жер чет элдик жаранга ижарага берилген. Арендага алган инвесторду Жогорку Кеңештин депутаты Жалалидин Нурбаев алып келген. Бирок келишимдери туура эмес түзүлгөн, аренда акысын төлөгөн эмес, макулдашылган соцпакеттерди аткарган эмес, иши кылып көп мыйзам бузуулар катталганы анык. Депутаттын туугандары айыл өкмөтүн ээлеп алышкандыгы аныкталган. Айылдын эли Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү З.Жамалдиновго жер көйгөйү боюнча кайрылышкан, анын тапшырмасы боюнча орун басары Данияр Жаныкулов маселени жеринде териштирип, көп мыйзам бузуулар болгондугун тастыктаган.

Эми ошол туура эмес иштерге мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатса, Жогорку Кеңештин сабатсыз депутаттары өз коллегасын коргошуп, чуу көтөрүшүп, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарын “Бир бала”, “Блогер”, “Ютуб жылдызы” деп шылдыңдашып, комиссия түзүшмөй болушту. Ош облусунун аткаруу бийлиги өз ишин иштеп жатышса, Жогорку Кеңештин өзүнүн ордун, ыйгарым укуктарын жакшы билбеген сабатсыз депутаттары облустун ишине кийлигишип, дарбып жатышат.Ар бир айылда болгон ушундай иштерге мындан ары Жогорку Кеңеш кийлигишмей болдубу? Булардын башка кылар иши жокпу? Данияр Жаныкулов фактыларды келтирип, аргументтер менен айтып жатса, Жогорку Кеңештин депутаттары “Жалалидин Нурбаевди каралап жатат, айыптап жатат” деп айтпаган сөздү айтты деп жалаа жаап, күнөөнүн баардыгын аткаруу бийлигине оодарып, “облустарды жоюш керек” деп административдик “реформаны” да жасап жиберишти. Оозу менен орок оргон депутаттар аткаруу бийлигинин ишине кийлигишкенди коюп, өз иштерин жакшылап жолго коюш үчүн сабаттарын жоюп алышса болмок. Алардын бул кылганы “эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур” дегенге окшошуп калды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө Араван районундагы жер тилкелерине байланышкан маселе талкууланды. Анда Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү ижарага берилген жер тилкелерин көзөмөлгө алуу тапшырмасы тиешелүү жетекчилерге берилген.Министрлер кабинетинин өкүлдөрү, райондук акимчиликтердин, айыл өкмөттөрдүн башчылары катышкан жыйында облус жетекчиси Зияддин Жамалдинов ижарадагы жер тилкелери үчүн салык төлөнгөн-төлөнбөгөнүнө кызыкты.

"Жакында Араван районуна элдик жыйынга барганда, эки жаран мага суроо берди. Төрт айыл өкмөттөн дээрлик 1000 гектар жерди ооган ишкерине берип жатат, бир дагы айыл өкмөтү билбейт. Түзүлгөн келишим боюнча сурабайсыңарбы, ижараны эмнеге төлөбөйсүң, социалдык пакетти бербейсиң дебейсиңерби? Же силердин бюджетиңер жакшыбы? Акча каражатыңар жетишеби? Биз аны качан эл көтөрүп, комиссия түзгөндө билип жатабыз да. Болбосо билмек эмес экенбиз".

Жамалдинов кол алдындагыларга жер тилкелери боюнча маалымат даярдоону тапшырып, тиешелүү органдар укуктук баа бериши керектигин айтты. Анын маалыматына караганда, ооган ишкери райондогу Алля Анаров айыл өкмөтүнөн 300 гектар, Юсупов айыл өкмөтүнөн 200 гектар, Тепе-Коргон айыл өкмөтүнөн 300 гектар, Нур-Абад айы өкмөтүнөн 200 гектар жерди ижарага алган. 2021-жылы февраль айында аймактын агрардык департаменти менен келишим түзүп, жыл сайын 150 миң сом ижара акы, 210 миң сом социалдык пакет төлөмөй болгон.

Райондогу жер тилкелерине байланышкан чуу Ютубга президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун видеосу интернетке чыккандан кийин жаралган. Ал анда текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирген. Ал Алля Анаровдогу иштер үчүн депутат Жалолидин Нурбаевдин жана анын туугандарынын атын атаган. Мындан башка дагы жерге, кадр маселесине байланыштуу мыйзамсыз иштер бар экенин белгилеген.

Ошол эле күнү Жаныкулов Нурбаев Аравандагы Алля Анаров айыл өкмөтүн жетектеп тургандагы мыйзам бузуулар боюнча президентке, өкмөт башчыга жана прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын билдирген.
Бул окуяларга байланыштуу Нурбаевдин өзү комментарий бере элек. Былтыр күздөгү парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан шайланып келген депутат аталган айыл өкмөтүн 2014-жылдан тартып жети жылдай жетектеген. Жерлерди ижарага алды деген оогандык ишкер тараптан да комментарий боло элек, анын аты-жөнү айтылган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости