www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарында Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада катуу жарылуу болду. Кеминде төрт адам каза таап, дагы ондогон адамдар жараат алды.

Жарылуунун себептери белгисиз. Жергиликтүү медиалар суюлтулган газ жарылып кетиши мүмкүн деген версияларды билдирүүдө.

Окуя болгон жерден тараган фото-видеолордо имараттын бир ыптасы кыйла талкаланганы көрүнүп турат. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат. Урандыларды тазалоо жана жабыркагандарды эвакуация иштери уланууда.

Saratoga мейманканасы 1880-жылы курулган тарыхый курулуш болуп саналат жана 2005-жылы реконструкцияланган. Анын маңдай жагында Кубанын парламенти – Капитолий жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости