www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда тигүү жана текстиль өндүрүшү менен алектенгендерге, ошондой эле электрондук соода аянтчаларында товар саткан селлерлерге салыктык жеңилдик берилет.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-августунан 31-декабрына чейин төмөнкү субъекттер бирдиктүү салыкты төлөөдөн жана ал боюнча салыктык отчет берүүдөн бошотулат:
тигүү жана текстиль өндүрүшүн жүргүзгөн субъекттер;
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде электрондук соода аянтчалары аркылуу товар саткан селлерлер.

Жеңилдик Кыргызстандын салык органдарында белгиленген тартипте катталган субъекттерге колдонулат.

Селлерлер үчүн негизги шарт — электрондук соода аянтчасынан алардын тиешелүү платформада өзүнүн ИННи менен иш жүргүзүп жатканын тастыктаган документтин болушу.

Ошол эле учурда жеңилдик бирдиктүү салыкка жана анын отчеттуулугуна гана тиешелүү. Башка салыктык милдеттенмелер жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөр сакталат.
Тактап айтканда, жалданма кызматкерлер киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулбайт.

Иш берүүчүлөр кызматкерлери үчүн тиешелүү төлөмдөрдү эсептеп, кармап калууга жана бюджетке которууга милдеттүү.
Ошондой эле уюмдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн белгиленген тартипте төлөөнү улантат.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жөнөтүлдү.

Последние новости