www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев сын айткандарга социалдык тармактар аркылуу жооп берди. 

--"Мага министр болуп жүргөндө эмнеге өзүңдүн позицияңды айтпай жүрдүң эле, үнүңдү чыгарбай жүрдүң эле" - деп сын айткандарга жооп:

2020 жылдын 18 ноябрда министр болуп турганда, конституциянын жаңы редакциясынын кемчиликтерин ачык эле айтып чыккам. Ага каршы болгом. Өкмөттүн мүчөсү катары, кызматка карманбай, жумуштан кетүүгө даяр болуп, принципиалдуу позициямды билдиргем. Командабыз менен биргеликте бул чечимди кабыл алганбыз.

Бул билдирүүнү жазаганда, мени өкмөткө чакырышкан. Өкмөт мүчөлөрү саясий чечимдерге кийлигишпеш керек дешти эле. Анда - "Иштерибиз туура эмес болуп баратса, мен бетке эле айтам. Интригаларга аралашпайм. Бул менин принципиалдуу позициям" деп жооп бергем", - дейт Токтогазиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости