www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Райымбек Матраимов кыргыз элинин сыймыгы, биз аны кыргыздын мыкты жигити катары коргоп жана колдоп алышыбыз керек”, - деди бүгүн, NazarNews мааалымат агенттигине 12-февралда “Апрель Баатыры” Кайып Шери.

--Кайып Мырза, Сиз буга чейин Матраимов тууралуу сын-пикир айтып келгенсиз. "Кайра оюмду өзгөрттүм" дедеңиз, эмнеге?

--Ооба, кимиси эмне десе ошол десин, менин жеке пикирим Райымбек Матраимовго оюмду өзгөртүп мындан ары колдоймун аны коргоймун. Эмне үчүн биз кыргыздын кыраан жигиттерин талатып коюшубуз керекпи? Сураштырып көрсөм, пандемияда Кыргызстандын баардык аймактарына калтырбай жардам берди, жардам сурап кайрылгандарга үзгүлтүксүз жардамын берип келе жаткандыгын уктум. Матраимовдой айкөл адамдар сейрек кездешет. Матраимовго караганда Кыргызстанды 30 жылдан бери талап-тоноп жеп ичкендерди талкууга алышпайт. Эмне бул Кыргызстандын жерин саттыбы же Атамбаевге окшоп Кытайдан карыз алып, акчаны элинин мойнуна илип койдубу? Мен угуп атам аны, адамдык сапаты жогору деп. Эмне ал президент болуп,  элди башкарып кайра бизге ашка жүк, башка жүк болбоду. Мындан ары, ал кишини мен кыргызга күйгөн мыкты инсан катары колдоймун!

--Сизди коомчулук “Кайып Шерди Матраимов сатып алды” деген сөздөн коркпойсузбу?

--Коркпойм! Эмнеге корком! Мындан ары Матраимовду колдоп жана коргоймун! Кыргызда, калыстык болмоюнча, теңчилдик жок, теңчилдик болмоюнча адилеттик жок деген сөз бар. Пейилди оңдобосок болбой калды. Акыркы жылдары Атамбаевдин азабынан кыргыздын чыгаан жигиттери камакка алынып, жыйынтыгын өзүңөр көрүп турасыңар. Матраимов эмне себептен эч качан урушпайт? Аны Кудай колдогон инсан, анын назарынан калган инсан түбү оңолбойт.

--Көзүңүз ачыкпы?

--Мен сага көзүм ачык деп айткан жокмун! Болгону кыргыз касиеттүү калк, ар бир кыргыздын касиети бар. Менин да анча-мынча китеп окуп коймой адаттарым бар, Сократ: “Адилеттүүлүк – ал акылмандык, ал эми акылмандык ал билимден жогору турат” деген. Матраимов акылман жигит. Кыргызды кыйынчылыктан Матраимов сууруп чыгат, ошондуктан Садыр Жапаров кызматка алса, өзүнө да жеңил болот.

--Баса, мурдагы сөзүңүздө “Мен Матраимовду колдоп чыгам” дедиңиз...

--Ооба, колдоймун! Мындан ары ким ага каршы митингге чыкса сазайларын берем! Сокенин убагында каалагандай чардашты иттерине чейин аянтка чыгып, добулбас кагып...Мени билесиң э, билесиң... айтканымды эки кылбайм!

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости