www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Техас штатында 100дөй унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Техастагы Форт-Уорт шаарындагы трассада болгон. Полициянын билдиришинче, окуяга кар жааган соң пайда болгон жолдогу муз себеп болгон. Кырсыктан беш адам каза болсо, 36 адам оор жаракаттарды алган. Учурда жол кырсыгына кабылган унаалардын алдында калган көпчүлүк адам куткарылды.

Жол кырсыгынан трассанын эки тарабы тең тосулуп калган. Учурда полиция кызматкерлери трассаны ирээтке келтирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости