www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ мен мага козголгон кылмыш иши боюнча тергөөчү Момуналиев Эдилге бардым. Саат 10.00дон кечикпей кел деп кайра-кайра айтканын түшүнбөй калдым эле. Көрсө ошол саат 10.00до Октябрь райондук сотунда Д.Бекешевдин арызы боюнча дагы бир майыптын үстүнөн сот иши каралган экен. Ошол жакка мени барып күбө катары көрсөтмө бербесин деп чакырышкан көрүнөт. Олдо кургурлар ай!!! Ал сотко мен ансыз деле бармак эмесмин. Эми Ажорикке бир шиңгил...

Капталдан улам кемирген,
Камайм деп убай жедирген.
Калыс чечим күтпөймүн,
Тергөөчү майор Эдилден.

Жазылган даяр токтомдон,
Жасалма иши козголгон.
Жабыштырып жок күнөө,

Жалган далил топтолгон.

Калыстык болот каяктан,
Камдалса орун абактан.
Буйрутма болсо атайын,
Башпрокурор тараптан.

Айла жок болсо көнөрмүн,
Ажалым жетсе өлөрмүн.
Ашыкча кейиш кажетсиз.
Акыры бара көрөрмүн,
Аты бар ажоо элдеги.
Айтайын Алмаз пендени.
Арамдык кылып мага да.
Акылы менен жеңбеди.

Акыры өтөт бул кайгы,
Акмакка көңүл бурбайлы.
Аты ажоо бийик болсо да.
Акылы төмөн турбайбы!

Эске сала кетсек, тилин тыйбаган Темирлан Ормуков, социалдык тармактарда учурдун Токтогул Сатылганову деп айтылып, бийлик тарапка жазылган ырлары кызуу талкууга алынууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости