www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугуна Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Татарстан Республикасы боюнча башкы башкармалыгынан 2026-жылдын 15-мартында Альметьевск районунда Набережные Челны - Альметьевск автожолунун 81-чакырымында КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүн билдирет.

Кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары К.А.К., 1986-ж.т. (айдоочу) жана Ш.А.Р., 1987-ж.т. (жүргүнчү) окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы моргго жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталып, каза болгондордун туугандары аныкталууда.

Маселе Башкы консулдуктун көзөмөлүндө турат.

Последние новости