www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында 2026-жылдын 14-мартында Жаңы Москванын Калуга шоссесинин 45-чакырымында (Троицк жана Новомосковск административдик округдары – ТиНАО) экскурсиялык автобус жана Кыргыз Республикасынын жарандары да болгон Volkswagen кичи автобусунун катышуусунда жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалыматтын жарыяланышына байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.  

Жабыркагандар тууралуу маалыматты тактоо максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу ошол эле күнү Москва шаарынын ТиНАО боюнча МАИнин бөлүмүнө барган. Консулдук чыгуунун жүрүшүндө жол кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 6 жараны жабыркагандыгы тууралуу маалымат алынды, алар жол кырсыгы болгон учурда кичи автобуста болушкан.

Жабыркагандар ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алып, Москва шаарынын медициналык мекемелерине жеткирилди, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө турат.

Последние новости