www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ:  Тажик ТИМинин орун басарынын айткандары жалган

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин 2022-жылдын 19-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча брифингде айтылган маалыматына комментарий берди.

"Мындай жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет мамлекеттин ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбостон айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын элементардык нормаларына жооп бербейт. Чындыкка дал келбеген, бурмаланган жана жалган маалыматтардын жыйындысы болгон ачыктан-ачык чагымчыл билдирүүлөр ырастоону талап кылбаган бүтүм катары берилүүдө.
          
Ошону менен бирге, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн уланып жаткандыгы Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын куралдуу күч колдонуу менен басып алууга негиз болбош керек. 
          
Тажик тараптын дүйнөлүк коомчулукту адаштырууга болгон бардык олдоксон жана эпсиз аракеттерине карабастан, Тажикстан Республикасынын эл аралык укуктун фундаменталдык принциптерин жана нормаларын бузуу менен Кыргыз Республикасына каршы гумандуулукка жатпаган куралдуу агрессиясы факт бойдон калууда", - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 19-сентябрда кечке жуук Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин орун басары брифинг өткөрүп, анда Тажикстанга чабуулду Кыргызстан даярдаган деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости