www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курултай институту саясий кризистен чыгууга көмөк көрсөтө алган коомдук уюм болушу керек», - деди бүгүн, 19-августта, NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн агай, Курултай институтун калыптандырышыбыз керекпи?

- Курултай институтун мамлекеттик бийлик башкарбаш керек. Ал мамлекеттик бийликтин ишмердигин коомдук көзөмөл байкоочу органы болушу шарт. Курултайга кимдер шайланып келет, алар эмне маселе чечет. Ыйгарым укуктары каралышы керек.

Күнүбүз ууру каракчы депутаттарга калды. Ошондой кырдаалдар болбош үчүн Курултай институту саясий кризистен чыгууга көмөк көрсөтө алган коомдук уюм болушу керек. Ал үчүн мыйзам менен аларга укуктарын кеңейтүү жана курултайга абийири таза, кадыр-барктуу репутациясы таза инсандар курултайдын мүчөсү болсо, кадыр баркка жетет. Анан ит, куштун баары, мурдагы бийликтин бөлтүрүктөрү кирип алса курултай коомдук пикир жарата албаган бечара уюм болуп кала берет.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров «Элдик курултайдчакыруу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Курултай 25-ноябрда, Бишкек шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости