www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы өлкөдө төрөлгөндөр тездик менен азайып жаткандыктан, аялдарга аборт кылууга жарым-жартылай тыюу салынганын жарыялады, - деп жазат Би-би-Си. 

Активисттер менен укук коргоочулар мындай чектөө миллиондогон аялдарга зыян келтирет деп эсептешет.

Акыркы 10 жылдыкта калктын тез өсүшү менен күрөшүп келген Кытайда азыр төрөт көрсөткүчү болуп көрбөгөндөй төмөн деңгээлге жетти.

Кытайдын калкы улгайып баратат, ал эми өкмөт бул тенденцияны жокко чыгаруу үчүн кескин чараларды көрүүдө.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин сунушуна ылайык, эми кош бойлуулукту медициналык себептерден улам гана токтотууга мүмкүн болот.

Ошондой эле Кытай бийлиги энелерге социалдык жардамды кеңейтүүнү жана тукумсуздукту дарылоону жеткиликтүү кылууну айтууда.

Улуттук комиссия жаңы чара “калктын узак мөөнөттүү жана тең салмактуу өнүгүүсүнө” шарт түзөт деп эсептейт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости