www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араванда милиция жаш келиндин арызын кабыл албай койду деген маалымат боюнча Ош ОИИБи маалымат агенттигине комментарий берди.

Маалыматка ылайык, 16-августта А. кызы Анын арызы саат 04:03дө Араван РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

«2022-жылдын 16-август күнү саат 04:00дө Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Араван районунун Мангыт айыл аймагынын тургуну 1992-жылы туулган А. кызы А., 102 телефону аркылуу үйүндө жолдошу Э. А., уруп тополон салып жаткандыгын кабар берген.

Аталган маалымат 2022-жылдын 16-август күнү саат 04:03дө Араван РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Араван РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган:

Араван районунун Мангыт айыл аймагынын тургуну 1992-жылы туулган Э. А., аялы 1992-жылы туулган А. кызы А., кызганычтан пикир келишпестиктен улам денесине жараат келтирген. Бул окуя боюнча жабырлануучу 2022-жылдын 16-август күнү Араван РИИБге арыз менен кайрылган, анын денесинен алган жараатын аныктоо үчүн соттук медициналык-экспертиза дайындалып, Э.А., РИИБге алып келинип тергөө кызматына сурак берген. Тергөө амалдары уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми милиция кызматкери жабырлануучуга орой мамиле жасаган деген билдирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, буга чейин биздин редакция Араван районунда жаш келин күйөөсүнүн токмогуна чыдабай, милицияга кайрылып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөнүн жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости