www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жол кырсыгы 27-сентябрда саат 00:30дар чамасында Тоголок Молдо жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, Mazda 323 үлгүсүндөгү унаанын 1990-жылы туулган айдоочусу Тоголок Молдо көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, №273а үйдүн жанында ошол эле багытта бараткан электровелосипедди сүзгөн.
Электровелосипеддин 2008-жылы туулган жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми 2009-жылы туулган айдоочусу ар кандай жаракаттар менен №4 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген.
Mazda унаасынын айдоочусу кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу мас абалда болушу мүмкүн. Ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 5-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.