www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Бает айылында жайгашкан “Boho” түнкү клубунун аймагында курулуш калдыктары көл жээгинде калгандыгы үчүн жеке жак административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, интернет булактарында тараган видеоматериалдын негизинде жеринде текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө аныкталган укук бузуулар боюнча жеке жакка Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык айып пул салынган.
Ошондой эле түнкү клубдун аймагында демонтаж иштери жүрүп жатканы эске алынып, жооптуу адамга курулуш калдыктарын белгиленген талаптарга ылайык толугу менен тазалап, аймакты талаптагыдай абалга келтирүү милдеттендирилген.