www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын жүз миңдеген жарандары АКШга каршы потенциалдуу согушка катышууга даяр экендиктерин билдиришти. Жума күнү эле Пхеньяндын куралдуу күчтөрүнүн катарына 800 миңдей адам катталды. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Rodong Sinmun гезити жазып чыкты.

Басылма учурда уланып жаткан АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларына комментарий берип, Вашингтон менен Сеулдун “провокациялары” чектен чыгып кеткенин жана ага мындан ары чыдай албай турганын жазган.

“Түндүк Корея душмандын аскерий дараметин “жеңип чыга аларын” көрсөтүүгө умтулууда”,-деп айтылат макалада.

АКШ менен Түштүк Корея Пхеньяндын катаал эскертүүлөрүнө карабай жыл башынан бери бир катар аскердик машыгууларды өткөрүшүүдө.

Дүйшөмбү күнү шериктештер ири аскердик машыгууларды башташты. 11 күндүк машыгуу 2017-жылдан бери көрүлбөгөн масштабда өтүп жатат.

Пхеньян бул машыгууларды өз аймагына басып алуу үчүн потенциалдуу репетиция катары эсептейт. Буга жооп кылып Түндүк Корея ракета сыноолорун күчөттү, бул Корей жарым аралында мындан аркы провокацияларга каршы эскертүү катары колдонуп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости