www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунда Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун абалына жеринен кароо иштери жүргүзүлдү.

Аталган иш-чара ЖКККББнын жумушчу тобу жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы менен биргеликте өткөрүлдү.

Кароо иштеринин жүрүшүндө жол жээгинде орнотулган жол белгилеринин абалына, жол чийиндеринин көрүнүктүүлүгүнө жана кооптуу бурулуш тилкелерине өзгөчө көңүл бурулуп, аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча тиешелүү кызматтарга сунуштамаларды жөнөтүү зарылдыгы жергиликтүү кызматкерлерге эскертилди.

Ошондой эле жаратылыш кырдаалдарынын кесепетинен жолго кулаган таштарды, көчкү түшкөн же сел агызган аймактарды өз убагында тазалоо, ошондой эле жолду убактылуу жабуу учурларында айдоочуларга алдын ала маалымат берип туруу маанилүүлүгү белгиленди.

Последние новости